ЕАЭБ алкагында электрондук соода жана маркалоо маселелери талкууланды

ЕАЭБ алкагында электрондук соода жана маркалоо маселелери талкууланды

11-декабрда Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Жыйынга КРнын Экономика жана коммерция министрлигинен министрдин орун басары Султан Ахматов катышты.

Жолугушууда ЕАЭБдин стратегиялык документтерин ишке ашыруу маселелери, анын ичинде 2025-жылга чейинки стратегия жана 2030–2045-жылдарга карата экономикалык өнүгүү боюнча декларация каралды. 2025-жылга чейинки стратегиянын аткарылышы тууралуу комплекстүү баяндама 2026-жылдын май айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчыларына сунушталары белгиленди.

Ошондой эле электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, тиешелүү укуктук актыларды кабыл алууну тездетүү жана товарларды маркалоо тутумун өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Кабыл алынган чечимдер соода процесстерин, анын ичинде электрондук сооданы жөнөкөйлөтүүгө, улуттук өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө кошумча түрткү берери белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып