2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

2021-2024-жылдарда түз инвестициялар 140%дан ашык өскөн

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес” форумунда өлкөнүн инвестициялык стратегиясы жана соңку жетишкендиктер тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал акыркы беш жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, быйылкы 11 айда ИДП өсүшү 10,2%га жеткенин белгиледи. Ошондой эле 2021-2024-жылдар аралыгында түз инвестициялардын орточо жылдык көлөмү 1995-2020-жылдарга салыштырмалуу 140%дан ашык өскөн.

Адылбек Касымалиев инвестициянын маанисин: экономикалык өсүш, туруктуулук жана келечектин стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги булагы катары сыпаттап, гидроэнергетика, логистика, айыл чарба, тоо-кен, IT, халал индустриясы, туризм жана фармацевтика тармактарына көңүл бурулуп жатканын айтты.

Мындан тышкары, жакында Президент кол койгон “Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү” Жарлыгы өлкөдө стратегиялык инвестицияны ыкчам жылдырууга өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Адылбек Касымалиев инвесторлорду келечектүү демилгелерди сунуштоого чакырып, биргелешкен күч-аракет менен атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы бекемдөө мүмкүндүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып