Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Чаткал 2035: Экотуризм жана жашыл энергетика үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарында "ЭКО-Чаткал 2035" улуттук форумы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты. Форум Чаткал районун туруктуу өнүктүрүү, климаттык каржылоо механизмдерин колдонуу жана улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү маселелерине арналды.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, бизнес-коомчулуктун жана эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, экономикалык багыттарды, анын ичинде энергетика, айыл чарба, чакан жана орто бизнес, туризм жана креативдүү индустриялар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

Медербек Туманов Чаткал району экотуризмдин алдыңкы борбору, экологиялык таза айыл чарба продукциясын жеткирүүчү жана жашыл энергетика тармагында лидер болууга потенциалдуу экенин белгиледи. Ал эми район акими Алтынбек Сенирбаев кубаттуулугу 160 МВт болгон жаңы гидроэлектростанция курулуп жатканын айтып, аймактын туруктуу өнүгүүсүнө болгон пландарды билдирди.

Форумдун негизги жыйынтыгы – улуттук лейбл-пилотту ишке киргизүү жана климаттык каржылоо инструменттерин колдонуу боюнча консолидацияланган сунуштар камтылган резолюциянын долбоорунун макулдашылышы болду. Бул Чаткал районун өнүктүрүүдө мамлекеттин жана эл аралык өнөктөштөрдүн кызыгуусун тастыктады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып