Кыргызстандын сейсмикалык кооптуу аймактарында 18 кабаттан жогорку үйлөр курулат

Кыргызстандын сейсмикалык кооптуу аймактарында 18 кабаттан жогорку үйлөр курулат

Кыргызстанда сейсмикалык кооптуу аймактарда 18 кабаттан жогору имараттарды куруу үчүн шарттар иштелип чыкканын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, Курулуш министрлиги илимий уюмдар, анын ичинде министрликтин карамагындагы курулуштун сейсмикалык туруктуулугу боюнча профилдик институт кызматташат.

"Буга чейин өлкөдө көп кабаттуу курулуш, негизинен, 9–10 кабат менен чектелип келген. Азыркы учурда институт бардык сейсмостойкалык талаптар сакталган шартта 18 кабаттан жогору имараттарды куруу үчүн техникалык шарттарды иштеп берип жатат. Уруксат берүүдөн мурун комплекстүү инженердик жана илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт", – дейт министр.

Нурдан Орунтаевдин айтымында, сейсмикалык кооптуу аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү куруу — дүйнөлүк тажрыйбада бар. Мисал катары ал Алматы, Ташкент, Душанбе жана Үрүмчү шаарларын келтирди. Бул шаарлар 8–9 баллдык сейсмикалык зонада жайгашканына карабастан, бийик имараттар кеңири курулган. Тактап айтканда, Ташкент шаарында 50 кабаттан ашкан имараттар пайдаланууга берилген, ал эми Кытайдын Үрүмчү шаарында бийиктиги болжол менен 266 метр болгон асман тиреген имарат курулган.

"Кыргызстанда азыркы учурда эң бийик объект — 27 кабаттуу имарат, анын курулушу аяктоо баскычында турат. Ошол эле учурда 35 кабатка чейинки имараттарды курууга уруксаттар берилген жана мындай объектилер учурда курулуп жатат", – деп билдирди министр.

Мындан тышкары, азыр 40 кабатка чейинки имараттар үчүн нормативдик талаптар иштелип чыккан, жана министрлик тиешелүү уруксаттарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу