Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 12,8 млрд долларга чейин кыскарып, экспорт дээрлик 40%га төмөндөдү

Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 12,8 млрд долларга чейин кыскарып, экспорт дээрлик 40%га төмөндөдү

2025-жылдын январь–октябрь айларында Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү 12 миллиард 803,5 млн долларды түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9,6%га азайган. Ал эми январь–сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча төмөндөө 8,3%ды түзгөнун Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы сооданын кыскарышы экспорттун да, импорттун да азайышына байланыштуу болду. Тактап айтканда:

  • Экспорт 38,2%га төмөндөп, 2 миллиард 409,3 млн долларды түздү;
  • Импорт 0,3%га кыскарып, 10 миллиард 394,2 млн долларды түздү.

Кыргызстан мурдагыдай эле импортко көз каранды өлкө бойдон калып жатат. Өлкөгө сырттан кирген товарлар жалпы товар жүгүртүүнүн 81,2%ын түзөт.

ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен соодада абал салыштырмалуу жакшыраак. 2024-жылдын январь–октябрына салыштырмалуу соода көлөмү 1,1%га өскөн. Жалпысынан тогуз айдын ичинде Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү менен 4 миллиард 523,4 миллион долларлык соода жүргүзгөн.

Ошол эле учурда, экспорт дагы эле негизги көйгөй бойдон калууда. Ал 2024-жылга салыштырмалуу 36,1%га төмөндөп, болгону 933,1 миллион долларды түздү. Ал эми импорт, тескерисинче, 19,2%га өсүп, 3 миллиард 590,3 миллион долларга жеткен.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын соодасында Россия негизги орунду ээлеп, үлүшү 64,3%ды, ал эми Казакстан 33,2%ды түздү.

Жалпы Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө:

  • ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода — 35,3%,
  • экспортто — 38,7%,
  • импортто — 34,5% үлүшкө ээ болду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып