РКӨФ 2026-жылы КРнын экономикасын 200 млн $ менен каржылайт

РКӨФ 2026-жылы КРнын экономикасын 200 млн $ менен каржылайт

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин XXI жыйыны болуп, анын жүрүшүндө Фонддун 2026-жылга карата инвестициялык бюджети бекитилди. Ага ылайык, жаңы долбоорлорду каржылоонун көлөмү 200 млн АКШ долларынан ашмакчы болду.

РКӨФ Башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков белгилегендей, бул рекорддук көрсөткүч, Фонддун Кыргызстандын экономикасынын өсүшүн колдоодогу артыкчылыктуу ролу болуп саналат.

Талкуунун жүрүшүндө Кеңеш келерки жылы ишке ашырыла баштай турган бир нече ири долбоорлорду жактырды.

“100 млн АКШ долларынан ашкан суммага бир катар маанилүү жана ири долбоорлор бекитилди. Алардын ичинде Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болгон чийки заттарды жана материалдарды Россия Федерациясынан жеткирип келүүгө байланышкан долбоорлор да бар”, — деп белгиледи РКӨФтүн башчысы.

Бекитилген демилгелерди ишке ашыруу өлкөнүн өндүрүштүк базасын бекемдөөгө, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга жана ички кошумча нарк чынжырларын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу   тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан суу тармагынын иштөө режимин сүйлөшүштү

Ташкент шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика жана суу чарба министрлеринин жумушчу жолугушуусу болуп өткөнүн Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга Өзбекстандын энергетика министри Ж. Мирзамахмудов, Өзбекстандын суу чарба министри Ш. Хамраев, Кыргызстандвын энергетика министри Т. Ибраев, Казакстандын энергетика министри Е. Аккенженов, Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал