Дүкөндөрдө ширелер жана "шире эмес" суусундуктар өз-өзүнчө жайгаштырылат

Дүкөндөрдө  ширелер жана "шире эмес" суусундуктар өз-өзүнчө жайгаштырылат

МинКаб 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишмердүүлүгүн тартипке келтирүү жөнүндө" өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Долбоор сооданын айрым түрлөрү боюнча эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Тактап айтканда, соода субъекттери табигый ширелерди жана шире камтыган суусундуктарды өзүнчө — ар башка витриналарда, текчелерде же атайын бөлүнгөн соода аймактарында жайгаштырууга милдеттүү болот.

Бул чаралар Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына ылайык, товарларды так физикалык ажыратууну камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, шире продукциясы жайгашкан ар бир соода аймагында товарлардын курамы тууралуу так жана оңой окулуучу маалымат берилүүгө тийиш. Анын ичинде шире камтыган суусундуктарда шире компоненттеринин бар экендиги сөзсүз көрсөтүлүшү керек.

Ошондой эле долбоордо ата мекендик өндүрүштөгү товарларды жайгаштырууга карата жаңы талаптар каралган. Соода залдарынын аянты 50 чарчы метрден жогору болгон дүкөндөрдө кыргызстандык продукциялар үчүн өзүнчө текчелер же стеллаждар бөлүнүп, анда продукциянын келип чыккан өлкөсү "Органика" деген шелфтокер менен белгилениши сунушталууда.

Ал эми аянты 200 чарчы метрден жогору болгон дүкөндөрдө ата мекендик товарлар сатылган жайлардын үстүнө тиешелүү белгилери бар жеңил жарнамалык конструкциялар орнотулушу керек.

Мындан тышкары, 200 чарчы метрден ашкан соода залдарында сатып алуучулардын көңүлүн буруу үчүн "Органика" деген маалыматтык көрсөткүчтөрдү, жазууларды, шелфтокерлерди жана баннерлерди кошумча жайгаштыруу да каралууда.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде