Кыргыз-өзбек соода алакасы: Ферганада жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү ачылды

Кыргыз-өзбек соода алакасы: Ферганада жаңы соода мүмкүнчүлүктөрү ачылды

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү Фергана облусуна жумушчу сапар менен барды. Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү жана бекемдөө маселелери талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммеция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзбек тараптын Соода-өнөр жай палатасынын аймактык башкармалыгы менен биргеликте Фергана облусундагы ири ишканалар менен жеринде таанышуу иш-чаралары уюштурулду.

Тараптар төмөнкү ишканаларга барышты:

  • Tantana Textile — текстиль продукциясын өндүрүү;
  • Narimtex — сырткы кийимдер жана жүндөн токулган кездемелер, кызматташтыкты, анын ичинде толлинг схемасы боюнча форматтарды караууга кызыкдар экенин билдирди;
  • ROF FOOD — ширелер жана консервацияланган продукция, кыргыз жеткирүүчүлөрдөн алмаларды түздөн-түз сатып алууга даяр.
Соода өкүлчүлүгү Фергана облусунун ири экономикалык потенциалына көңүл буруп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ачык экенин билдирди. Фергана тарап да соода жана ишкердик алакаларды активдештирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып