Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан товарлары эми Европа, Түркия, Кара деңиз аймагына чыгат

Кыргызстан Европа – Кавказ – Азия транспорт коридорунун (ТРАСЕКА) көп тараптуу уруксаттар системасына кошуларын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.

ТРАСЕКА уруксаты ташуучуга системага кирген бардык мамлекеттердин аймагы аркылуу эркин каттоого укук берип, өзүнчө эки тараптуу макулдашуулардан бошотот. 

ТРАСЕКА уруксаты бир жолку колдонууга арналган жана бир айлампа сапардын алкагында жүк менен же жүксүз түз жана кайра каттамды аткарууга укук берет. Мында системага кирген кайсы бир өлкөгө кирип-чыгуунун саны эки жолудан ашпоого тийиш.

Аталган уруксат универсалдуу болуп эсептелет жана эки тараптуу, транзиттик, ошондой эле үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн ташууларды жана алардын айкалышкан түрлөрүн жүзөгө ашырууда колдонулушу мүмкүн.

Мындан ары Кыргызстандын эл аралык автомобиль ташуучулары ТРАСЕКАнын бирдиктүү көп тараптуу уруксатын колдонуу менен транзиттик, эки тараптуу, ошондой эле Армения, Грузия, Молдова, Румыния, Түркия жана Украинага жүк ташууларды жүргүзүү боюнча кошумча мүмкүнчүлүккө ээ болушат. 

Бул Кыргызстандын эл аралык ташуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, кыргыз товарларынын Европа, Түркия жана Кара деңиз аймагындагы рынокторго чыгышын жеңилдетет жана транспорттук чыгымдарды жана жеткирүү убактысын кыскартуу аркылуу экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып