Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Тигүүчүлөр үчүн киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү азаябы?

Кыргызстанда тигүү тармагында иштеген кызматкерлер үчүн киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкаларын төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалганын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, демилге президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып, иш менен камсыздоону "ачыкка чыгарууга" жана экспортту колдоого багытталган. Ошондой эле ал тигүү тармагы салыктык кирешелердин булагы катары гана эмес, миңдеген адамдар иштеген маанилүү социалдык сектор катары да караларын белгиледи.

"Расмий маалыматтарга ылайык, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн базасында киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн үзгүлтүксүз төлөп келген 9 миңге жакын кызматкер катталган", — деп билдирди Салык кызматынын төрагасынын орун басары.

Даярдалган мыйзам долбоору тууралуу сөз кылып, ал киреше салыгын эң төмөн деңгээлде — орточо эмгек акынын 1%ы өлчөмүндө белгилөө пландалып жатканын айтты. Эсептөөлөр боюнча, бул сумма 2026-жылы 440 сомду түзөт.
"Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча мурда ставкасына таасир эткен 50 кызматкердик босогону жоюу сунушталууда жана кызматкерлердин санына карабастан бардык тигүү цехтери үчүн 2 200 сом өлчөмүндө бирдиктүү төлөм киргизилет. Жалпысынан киреше салыгы менен камсыздандыруу төгүмдөрүн кошкондо төлөмдөр болжол менен 2 700 сомду түзөт", — деп кошумчалады Ысабеков.

Анын маалыматына ылайык, мыйзам долбоору даярдалып, мамлекеттик органдар жана бизнес өкүлдөрү менен макулдашылып, Президенттин администрациясына киргизилди. Кийинки этапта документти Жогорку Кеңешке жөнөтүү пландалууда.

Белгилей кетсек, тигүү тармагы үчүн 2022-жылдан бери бирдиктүү салык режими боюнча 0,25% өлчөмүндөгү жеңилдетилген ставка колдонулуп келет (башка категориялар үчүн накталай эсептешүүдө — 4%, накталай эмес эсептешүүдө — 2%). Ошондой эле экспорт учурунда документтерге жана маркировкага коюлган талаптар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, — деп жыйынтыктады ал.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып