11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

11 айда негизги капиталга 283 млрд сом инвестиция салынды

2025-жылдын январь-ноябрынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 18,1%га өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

2025-жылдын 11 айында каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 283,2 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 18,1%га өстү. Өсүш каржылоонун ички булактарынан 18,2%, тышкы булактардан 17,5% менен камсыздалган.

Инвестициялардын негизги бөлүгү (жалпы көлөмдүн 82,3%) пайдалуу кен казуу, транспорт жана логистика, энергетика, иштетүү өнөр жайы, билим берүү объектилери жана турак жай курулушуна багытталган.

Капиталга инвестициялардын өсүшүн төмөнкү факторлор менен байланыштырууга болот:

  • "Менин үйүм" программасынын алкагында 4662 батирдин курулушу аяктады;
  • Байланыш тармагын өнүктүрүүгө, анын ичинде MegaCom жана О! операторлору тарабынан жаңы базалык станциялар курулду (өсүш 19,2%);
  • Билим берүү жана спорт объектилерин курууга инвестициялардын өсүшү (18,3%);
  • Бишкек жана Ош шаарларында инфраструктураны өнүктүрүү;
  • Туризм жана туристтик инфраструктурага инвестициялардын көбөйүшү.
Ошол эле мезгилде курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 318,9 млрд сомду түзүп, 29%га өстү. Курулуш секторунун ИДПга салымы 2,13 пайыздык пунктка бааланып, жалпы ИДП түзүмүндө курулуштун үлүшү 8,6%га жетти.

Бул көрсөткүчтөр экономиканы капиталдаштыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин натыйжасын көргөзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып