11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

11 айда өнөр жай тармагында 686 млрд сомдук продукция өндүрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь–ноябрь айларында өлкөнүн өнөр жай ишканалары тарабынан 686 млрд сомдук дүң продукция өндүрүлдү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10%га жогору болду. Бул тууралуу расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Алтын кендерин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 19,6%га өстү. Өсүш негизинен фармацевтикалык продукциянын (1,9 эсеге), резина жана пластмасса буюмдарынын, курулуш материалдарынын (34,5%), жыгач жана кагаз өндүрүшүнүн (33,7%), тамак-аш жана тамеки продукцияларынын (27,8%), химиялык продукциялардын (21,5%) көбөйүшү менен камсыздалды.

Ошондой эле текстиль жана кийим-кече өндүрүшү 9,6%га, пайдалуу кендерди казуу көлөмү 15,3%га өскөн. Ошол эле учурда негизги металлдарды өндүрүү 1,5%га азайган.

Электр энергиясын өндүрүү 8,1%га көбөйүп, энергетика тармагындагы өсүштү камсыз кылды. Суу менен жабдуу жана калдыктарды иштетүү тармагында өсүш сууну чогултуу жана бөлүштүрүүнүн 23,%га жогорулашы менен шартталды.

Өнөр жай тармагы ички дүң продукцияны түзүүдөгү салымын 1,7%дык пунктка жеткирди. ИДПнын түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 17,8%ды түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде