Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди.

Ал Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен Европа Биримдигинин ортосунда кол коюлган 15 млн евро өлчөмүндөгү грант жана техникалык колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашуу "Кара-Балта – Чалдыбар" унаа жолун реконструкциялоо долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда министр тарабынан Европа Биримдиги менен транспорттук процесстерди санариптештирүү, заманбап техникалык жана экологиялык стандарттарды киргизүү, логистикалык жана транспорттук чыгымдарды кыскартуу, өлкөлөр ортосундагы жүк жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча кызматташуу сунушталды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып