Инфляция 8,3%га жетти: негизги фактор азык-түлүк бааларынын өсүшү
2025-жылдын ноябрында Кыргызстанда инфляция 8,3%га жетти. Бул көрсөткүч мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын индекси 108,3%га жеткенин билдирет. Орточо жылдык инфляция 108,1%га түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Баалардын өсүшүнө негизги салымды азык-түлүк товарлары кошту. Алардын баалары орточо 8,9%га жогорулап, жалпы инфляцияга 4,04%дык пункт менен таасир этти.
Негизги таасирлер төмөнкүлөр:
нан азыктары жана дан азыктары – 3,2%га өстү, эт – 14%га, мөмө-жемиштер жана жашылчалар – 15,1%га (мөмө-жемиштер 38,8%, жашылчалар 8,6%), майлар жана майлуу азыктар – 15,1%.
Баалардын өсүшү ички сунуштун кыскарышы, импорттун баасынын жогорулашы, күйүүчү май жана электр энергиясынын кымбатташы, транспорттук жана сактоо чыгымдарынын жогорулашы менен байланыштуу.