Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

Кыргызстан менен Авганистан соода-экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты

2025-жылдын 17-декабрында Кабул шаарында Экономика министри Бакыт Сыдыков Авганистандын административдик жана социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Абдул Салам Ханафи менен жолугушту.

Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан карбалашты. Билдирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун абалын жана келечегин талкууга алынган.

Кыргыз тарап соода жана инвестиция, мамлекеттик жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, ошондой эле банктык кызматташууну кеңейтүү багыттарында өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды билдирди.

Мындан сырткары, иш сапардын алкагында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» борбору жана Авганистандын Соода-инвестициялык палатасы тарабынан уюштурулган кыргыз-ооган бизнес-форуму болуп өттү.

Форумдун жүрүшүндө «Кыргыз Экспорт» борборунун директору Урмат Такиров ооган бизнес-коомчулугуна Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды. Иш-чаранын жыйынтыгында товарларды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү боюнча жалпы суммасы 157 млн АКШ долларын түзгөн 11 ниет келишимине кол коюлду. Бул келишимдер телекоммуникациялык жабдуулар, цемент, бут кийим, дары-дармектер, бал, логистикалык кызматтар жана айыл чарба продукциясы сыяктуу багыттарды камтыйт.

Бизнес-форумга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 100дөн ашуун өкүлү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып