Резидент эместер виртуалдык активдер менен иштөөдө банктык кызмат көрсөтүү тартиби коомдук талкууга коюлду
КРнын Президентинин - резидент эместер үчүн виртуалдык активдер менен иштөөдө банктык кызмат көрсөтүүнүн өзгөчө тартиби жөнүндө жарлыгын КРнын Экономика министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Жарлыктын долбоору эл аралык чектөөлөргө дуушар болгон айрым банктардын эларалык эсептешүүлөрдү түздөн-түз жүргүзүү жана туруктуу төлөм инфраструктурасын колдоо мүмкүнчүлүгүн объективдүү түрдө кыскарып жаткан геосаясий белгисиздиктин шартында даярдалган.
Долбоордун максаты – банктык операцияларда жана КРнын резидент эместери менен гана бүтүмдөрүндө виртуалдык активдерди колдонуунун жаңы убактылуу атайын тартибин белгилөө. Ошондой эле комплекстүү жөнгө салуу системасын түзүү менен операциялардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу үчүн укуктук негизди түзүү, анын ичинде КРнын банк рыногун коргоо болуп саналат. Мындан сырткары чет өлкөлүк мамлекеттердин санкциялык саясатын жана ФАТФтын сунуштарын сактоо шарттарында айкындуулукту камсыз кылуу үчүн тиешелүү комплекстүү укуктук жөнгө салуу системасын түзүү каралган.