Англия Өзбекстандын 4, Кыргызстандын 1 компанияларын антироссиялык санкциялар тизмесине кошту

Англия Өзбекстандын 4, Кыргызстандын 1 компанияларын антироссиялык санкциялар тизмесине кошту

Улуу Британия антироссиялык санкциялар тизмесин жаңылап, ага Өзбекстандан төрт компанияны жана Кыргызстандагы бир компанияны кошту. Бул ишканалар Россия менен экономикалык кызматташтык кылган деп шектелүүдө. Ушуга байланыштуу Лондон 18-декабрдан тартып аларга каршы активдерди тоңдурууга кошумча каржылык чектөөлөрдү киргизери Улуу Британиянын Казына министрлигинин документтеринде айтылат.

Өзбекстанда катталган жана санкциялык тизмеге киргизилген компаниялар:

  • Фергана химиялык заводу;
  • "Gelion Business Trade" ЖЧКсы (Ташкент);
  • "Chemistry International" СП ЖЧКсы (Навои);
  • "Raw Materials Cellulose" ЖЧКсы (Жизак).

Британ бийлигинин маалыматына ылайык, бул уюмдардын баары Россияга товарларды же технологияларды жеткирген деп шектелүүдө. Ал товарлар же технологиялар РФ тарабынан Украина аймагында жүргүзүлүп жаткан атайын аскердик операцияда кандайдыр бир деңгээлде колдонулган болушу мүмкүн. Башка кошумча маалыматтар келтирилген эмес.

Жаңыртылган санкциялар тизмесине Бишкекте катталган "Кифико" аттуу компания да кирди. Лондон бул ЖЧКны Россия өкмөтүн колдоду деп айыптап, аны РФ бийлиги үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон каржы секторунда бизнес жүргүзгөн деп көрсөттү. Маалыматка ылайык, "Кифико" мурда Улуу Британия гана эмес, АКШ жана Европа Биримдиги тарабынан да санкция салынган A7 компаниясы менен байланышта экени айтылат.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ишканалардан тышкары, жаңыртылган санкциялар тизмесине Россиядан жана Бириккен Араб Эмираттарынан да уюмдар киргизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып