Бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүүдөн бюджетке 1,5 млрд сом түшүрдү

Бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүүдөн бюджетке 1,5 млрд сом түшүрдү

2025-жылы Мамлекеттик бажы кызматындагы Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы өз ишинде жогорку натыйжалуулукту көрсөттү. Бул тууралуу Бажы кызматынан маалымдашты.

Январь-декабрь айларында бажы мыйзамдарын бузуу боюнча жалпы 9 604 факт аныкталып, анын 9 100ү административдик укук бузуулар, ал эми 504ү кылмыш фактылары болуп, материалдар Бажынын иликтөө башкармалыгына өткөрүлдү.

Бул иштердин жыйынтыгы менен мамлекетке чоң көлөмдө каражаттар кайтарылып, кошумча кирешелер пайда болду. Материалдык зыяндын орду толтурулган сумма 1,1 млрд сомдон ашып, мамлекеттин кирешесине транспорт каражаттары жана башка мүлк, анын ичинде кымбат баалуу металлдар 326 млн сомдон ашык баада берилди.

Жыйынтыгында бюджетке кошумча түшкөн жалпы сумма 1,5 млрд сомду түзүп, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 603 млн сомго көп болду. Бул Контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгынын тарыхында эң жогорку натыйжа болуп эсептелет.

Учурда башкы башкармалык мыйзам бузууну алдын алуу, товарларды мыйзамсыз ташуунун тобокелдиктерин азайтуу жана Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишмердүүлүгүн улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып