Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Ишкерлер үчүн маалымкаттарды, уруксаттарды алуу процесстери жеңилдетилет

Кечээ Адылбек Касымалиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде ишкерлер үчүн маалымкаттар менен уруксаттарды алуу процессин тездетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

Касымалиев белгилегендей, буга чейин айдоочулар ар кандай маалымкаттарды чогултуп, эки-үч мамлекеттик органга кайрылууга мажбур болуп, бул процесс бир жумага чейин созулчу. Азыр 100 күндүн ичинде процесс санариптештирилип, электрондук форматка өткөрүлдү. Натыйжада айдоочу эч жакка барбай, бардык документтерди бир жерден тапшырат, ал эми маалыматтар автоматтык түрдө чогултулуп, иштетилет. Маселе мурдагыдай бир күндө эмес, бир нече сааттын ичинде чечилет.

Экинчи багыт — курулуш тармагы. Буга чейин курулушка уруксат алуу процесси кээде жарым жылга, кээде бир жылга, ал тургай жылдарга чейин созулчу. Процесс талданып, өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ири курулуш долбоорлору 60 күндө, орточо долбоорлор 30 күндө, ал эми чакан долбоорлор, мисалы, жеке турак үй куруу, 20 күндүн ичинде макулдашылат.

Мындан тышкары, мурда ишкер арыз берип, анын кабыл алынышын бир нече күн күтүүгө аргасыз болчу. Эсептик эсепти же башка маалыматтарды өзгөрткөндө бул процесс кайрадан кайталанчу.

Азыр болсо мунун баарын салык төлөөчүнүн бирдиктүү кабинети аркылуу жасоого болот: системага кирип, арыз тапшырасың, бардык маселелер бир-эки сааттын ичинде чечилет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып