Кыргызстанда 4 жылда чакан жана орто ишкерликке 150 млн доллар каражат тартылган

Кыргызстанда 4 жылда чакан жана орто ишкерликке 150 млн доллар каражат  тартылган

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов "Микро, чакан жана орто ишканаларды тез арада колдоо" долбоорунун жыйынтыгына арналган форумда чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттик экономикалык саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин билдирди.

Ал микро, чакан жана орто ишкердикти тез арада колдоо долбоорунун алкагында өлкөгө Дүйнөлүк банктан жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынан 150 млн доллар өлчөмүндө каражат тартылганын баса белгиледи. Каржылоо төрт жыл бою жүргүзүлүп, бул убакыттын ичинде республика боюнча 20 миңге жакын ишкер колдоого ээ болгон.

Аталган долбоор пандемиядан кийин миңдеген жумуш орундарын сактап калууга мүмкүндүк берген: каражат алгандардын 10 миңге жакынын аял ишкерлер түздү. Долбоордун бардык максаттуу көрсөткүчтөрү ишке ашырылып гана тим болбостон, пландан ашыгы менен аткарылган. Бул анын жогорку натыйжалуулугунан кабар берет.

Министрдин орун басары белгилегендей, долбоор эл аралык каржы институттары тарабынан жогорку баага татыды жана өлкөдөгү чакан жана орто бизнестин жигердүү өнүгүшүнүн аркасында белгиленген мөөнөттөн эрте аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышат

Кыргызстан дүйнөдөгү эң ири туристтик аянтчалардын бири болгон ITB Berlin 2026 көргөзмөсүнө катышууга даярдык көрүп жатат. Бул иш-чара Берлин шаарында өтөт. Даярдык иштерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүүдө. Мунун алкагында ата мекендик туроператорлор, дестинация өкүлдөрү жана Кыргызстан туристтик уюмдар ассоциациясы катышкан иш кеңешмеси өтттү. Жыйын учурунда

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык