РКӨФ Кыргызстандын кумшекер өндүрүү тармагына 25 млн доллар бөлөт

РКӨФ Кыргызстандын кумшекер өндүрүү тармагына 25 млн доллар бөлөт

Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) Кыргызстандын кант тармагындагы айланма каражаттарды толуктоо үчүн "Кайыңды-Кант" ААКсына жана "Кошой" ААКсына 25 миллион АКШ долларын бөлөрүн фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Бул колдоо кант заводдорун калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча мурда башталган долбоорлордун уландысы болуп саналат. Тактап айтканда, 2016–2017-жылдары фонд "Каинды-Кант" жана "Кошой" заводдорун жаңылоого болжол менен 16 млн доллар каржылаган. РКӨФтүн баалоосуна ылайык, аталган эки ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу өлкөнүн кантка болгон муктаждыгын 100 пайыз камсыздоого мүмкүндүк берет.

"2016–2017-жылдары Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду “Каинды-Кант” жана “Кошой” аттуу эки кант заводун толук модернизациялоого болжол менен 16 миллион долларын бөлгөн. Бул заводдордун кубаттуулугу өлкөнүн кантка болгон керектөөсүн толугу менен камсыздай алат. Бүгүн биз 25 миллион доллар өлчөмүндөгү жаңы каржылоо тууралуу келишимге кол койдук. Бул каражаттар келерки жылы сатып алынуучу кант кызылчасынын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстандын ички керектөөсүн толук жаба ала турган деңгээлде өндүрүштү арттырууга мүмкүндүк берет", — деп белгиледи РКӨФтүн башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков.

Фонд ошондой эле бул колдоонун жумуш менен камсыз кылууга жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө тийгизген оң таасирин белгиледи. Учурда заводдордо 1 500гө жакын адам иштейт, ал эми 3 500 фермердик чарба продукциясын туруктуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жалпысынан алганда, РКӨФтүн маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча кант кызылчасын өстүрүү жана кайра иштетүү тармагында 100 миңге жакын адам эмгектенет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып