"Унаа" кепилдиги менен бир айда 29 адам баштапкы төлөмсүз автоунаа сатып алды

"Унаа" кепилдиги менен   бир айда 29 адам баштапкы төлөмсүз автоунаа сатып алды

Кепилдик фонд жарандардын баштапкы төлөмсүз, ата мекендик куроодогу автоунааларды сатып алуусуна жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнү улантууда. Акыркы айда "Унаа" продуктусу боюнча 29 кепилдик берилди. Анын аркасында жарандар автокредит алып Tulpar Motors ишканасы чыгарган Chevrolet автоунааларын сатып алышты.

"Унаа" продуктусу ишке киргизилгенден бери жалпысынан 87 кыргызстандык алгачкы төлөмсүз ата мекендик куроодогу автоунаанын ээси болду.

2025-жылдын 17-декабрына карата "Унаа" продуктусу боюнча берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 35,5 млн сомду түзүп, жарандарга 156,4 млн сомдон ашык суммага автокредит алууга мүмкүнчүлүк берди.

"Унаа" продуктусу 2025-жылдын март айында ишке киргизилген "Автокредит - 2ни жеңилдетилген каржылоо" мамлекеттик программасынын алкагында жүзөгө ашырылууда. Долбоор ата мекендик өндүрүштөгү жеңил жана коммерциялык транспортко болгон суроо-талапты колдоого, ошондой эле калк үчүн автокредит алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

"Унаа" кепилдиги "Элдик Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы аркылуу автокредит тариздеген учурда кыргыз жыйындысындагы Chevrolet маркасындагы каалаган моделди алууга мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып