Кара-Ой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жай курулат
Ноокат районуна караштуу "Кыргыз-Ата" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кара-Кой эс алуу аймагында саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу башталганын "Кабар" агенттигине президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирген.
Аталган жайды курууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан 385,8 млн сом каралган. Долбоордун башкы аткаруучусу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу “Талас көчмө механизациялаштырылган отряды” мамлекеттик ишканасы болуп саналат.


Учурда субподрядчы “Бинтек” ЖЧКсы тарабынан курула баштаган кубаттуулугу 200 жана 500 куб метрди түзгөн саркынды сууларды тазалоо жайларынын фундаменттик чуңкурлары толук казылып бүткөрүлдү. Кошумча жер иштери жана курулушка даярдоо жумуштары бекитилген планга ылайык улантылып жатат.
Долбоор 2026-жылы толук аяктап ишке берилсе, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, аймактын инфраструктурасы жакшырмакчы.