КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

КУЭТ 370 млн сомго күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялады

"Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК (КУЭТ) өз ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга тендер жарыялаганы мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, сатып алуу стандарттык форматта жүргүзүлүп, күйүүчү майды өлкө аймагындагы автоунаа май куюучу жайлардын (АЗС) тармагы аркылуу жеткирүү каралган. Пландалган чыгымдардын жалпы суммасы 370,2 миллион сомду түзөт.

Мекеме төрт лот түзгөн. Алардын ичинен эң ири көлөм бензин Аи-92ге туура келип, анын суммасы 193,4 миллион сомду түзөт. Андан кийин дизель отуну — 145,8 миллион сом, бензин Аи-95 — 30,8 миллион сом жана суюлтулган көмүр суутек газы (пропан) — 164,5 миң сом болгон. Күйүүчү май республиканын бардык аймактарында жайгашкан АЗСтар аркылуу күн сайын жеткирилиши керек.

Квалификациялык талаптардын пакетинде салык жана милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу, бардык облустарда К5 класстан төмөн эмес күйүүчү майы бар АЗСтардын жана күйүүчү май карталары боюнча иштеген эсепке алуу системасынын болушу, ошондой эле буйрутмачынын талабы боюнча АЗСтардагы видеокөзөмөл архивдерин берүүгө даярдык көрсөтүү талаптары камтылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып