QR код аркылуу эки айда 1млрд 330млн сом бажы төлөмдөрү төлөндү
2025-жылдын октябрь айынын соңунда КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы QR код аркылуу бажы төлөмдөрүн ишке ашырууну жолго салган.
Анын максаты, тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары банк кассасына көз каранды болбостон, каалаган убагында бажы төлөмдөрүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ кылуу болгон.
Ага ылайык, акыркы 2 айдын ичинде (октябрдын аягы) QR код аркылуу 1 миллиард 330 миллион сом суммадагы бажы төлөмдөрү төлөндү.
Бажы кызматынын маалыматына караганда, бул иш «Элдик Банк» ААК менен биргеликте ишке ашырылган. Анын негизинде бул санариптик чечим кезек күтүүсү жок, тариздөө процессин тездетип жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берүүдө.