Акциз салыгы планга жеткен жок, бирок өстү
2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан аймагында өндүрүлгөн товарлардан түшкөн акциз салыгынын көлөмү 4 млрд 440,1 млн сомду түздү. Жылдык план боюнча 4 млрд 668 млн сом болмок экендиги Мамлекеттик салык кызматынын аналитикалык отчетунда айтылат.
Бирок, план 95,1% аткарылган. Ошол эле учурда, жылдык салыштырма көрсөткүчтөрдө акциздик түшүүлөр оң динамиканы көрсөттү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 393,6 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 109,7%ды түзгөн.
2025-жылдын январь–октябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 310 млрд 402,7 млн сом өлчөмүндө салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Бул көрсөткүч 297 млрд 723,2 млн сом деп белгиленген божомолдон ашкан. Аткарылышы 104,3%ды түзүп, ашыкча жыйналган сумма 12 млрд 679,5 млн сом болду.
Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу салыктар жана төлөмдөр боюнча түшүүлөр 73 млрд 244,9 млн сомго көбөйүп, өсүү темпи 130,9%ды түздү.