Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

Казакстан менен Япония 3,7 миллиард долларга 60 документке кол коюшту

"Борбордук Азия + Япония" бизнес-форумунун алкагында Казакстан менен Япония жалпы суммасы 3,7 миллиард доллардан ашкан 60тан ашуун документке кол койгонун Tengrinews.kz маалымдады.

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Токиодо өткөн мындай маанилүү форум өлкө үчүн жана жалпы Борбордук Азия аймагы үчүн өзгөчө мааниге ээ окуя болуп саналат. Анын пикиринде, мындай саммиттер Борбордук Азиянын эл аралык субъекттүүлүгүнүн бекемделип жатканын жана дүйнөлүк процесстердеги ролунун жогору экенин көрсөтөт.

Касым-Жомарт Токаев Казакстан Япония менен биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө жана жагымдуу инвестициялык климатты камсыздоого даяр экенин билдирди.

"Соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды активдештирүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү болжол менен 2 млрд долларга жетти. Казакстан Япония рыногуна уран, сейрек кездешүүчү металлдар жана мунай экспорттойт. Япония республика экономикасынын негизги инвесторлорунун бири болуп, анын капиталдык салымдарынын көлөмү 8,5 миллиард доллардан ашты. Казакстан көп жылдардан бери ири жапон корпорациялары менен ийгиликтүү кызматташып келет жана өлкөдө жапондордун чакан жана орто бизнесинин ишмердүүлүгүн активдүү колдойт", — деди президент.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 14-апрелде суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында 14-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдирди. Маалыматка ылайык, өчүрүү турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо уюмдарына, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине таасирин тийгизет. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

Транспорт министрлиги быйыл жол жээктерине 70 миңден ашык көчөт отургузат

"Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2026-жылы өлкө аймагын жашылдандыруу боюнча кеңири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрликтин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы республика боюнча 70 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда, анын 70%га жакыны мөмөлүү дарактар болот. Мындан тышкары, ар бир облуста аянты 1

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Эко Оператор: Кыргызстанда калдыктардын 24 товардык тобунун 16сы гана кайра иштетилет

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калдыктардын 24 товардык тобунун ичинен 16сы боюнча кайра иштетүү жолго коюлган, ал эми калган багыттар боюнча кайра иштетүүчү ишканалар жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор" МИсинин директору Асель Мамбетова радионун эфиринде билдирди. Анын айтымында, ишкана министрликтин өкүлдөрү, калдыктарды

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

ИИМ: Каршы тилкеге чыккандарга 15 миң сом айып пул салынат

Жолдо кетирилген бир секунддук ката кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Каршы тилкеге чыгуу өтө кооптуу, анткени каршы келе жаткан унаа менен кагылышуу коркунучу бар экендигин Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул эрежени бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 15 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Айып