"Бишкек" эркин экономикалык аймагы бюджетке 8 млрд 939 млн сом түшүрдү
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан мамлекеттик бюджетке түшкөн салыктык жана бажы төлөмдөр, ошондой эле социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөрдүн жалпы көлөмү 8 млрд 939 млн сомду түзгөнүн мекеменин башкы директору Умбриэл Темиралиев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы бюджетке "Бишкек" ЭЭАсынан акча түшүулөр 4 млрд сомду түзгөн.
“Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгына карата президенттин тапшырмасы менен өлкө боюнча ачылган 67 ишкананын жетөөсү “Бишкек” эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Быйыл жыл башынан бери ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен 11 жаңы ишкананы ишке киргизүү аракети уланып жатат. Учурда аталган аймакта 180ден ашык продукциянын түрү өндүрүлөт”,- деди Темиралиев.
Ошондой эле акыркы эки жылдын жыйынтыгы менен аймакка 2,5 млрд сомдон ашык инвестиция тартылып, 4 миң жаран туруктуу жумуш орду менен камсыз болгондугу белгиленди.