ЕӨБ: Кыргызстандын ИДӨсү 2026-жылы 9,3% деңгээлинде болот
2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 10,2%га өскөнү Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) материалдарында айтылат.
ЕӨБдүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда күчтүү инвестициялык жана керектөөчү суроо-талап экономиканын өсүшүнүн негизги таянычы бойдон калган.
"Негизги капиталга инвестициялар жылдык эсеп менен 18,1%га, ал эми чекене соода 9,5%га өстү. Инвестициялык активдүүлүк кийинки жылы да экономиканын негизги кыймылдаткыч күчү катары сакталат деп эсептейбиз. Ушуга байланыштуу 2026-жылы ИДӨнүн өсүшү 9,3% деңгээлинде болот деп болжолдойбуз", — деп айтылат ЕӨБдүн баяндамасында.