Мектептердин 98,6%ы интернетке туташып, алардын 80%ына видеокөзөмөл коюлду

Мектептердин 98,6%ы интернетке туташып, алардын 80%ына видеокөзөмөл коюлду

2025-жылы өлкө боюнча мектептердин 80%ына видеокөзөмөл камералары орнотулганы жана мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 98,6%ы интернетке туташтырылганы Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди.

Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүү багыттарынын бири — окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы 2 миң 394 мектеп бар. Анын ичинен 1 миң 848 мектеп видеокамералар менен жабдылган. 

Учурда бул иштер улантылып, укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү күчөтүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Экономика министрлиги европалык импорттун кескин өзгөрүшү тууралуу маалыматты жокко чыгарды

Кыргызстандын тышкы соодасы 2019–2024‑жылдар аралыгында бир катар өлкөлөр менен товар жүгүртүүнүн өсүшүн көрсөткөнүн тууралуу  Экономика министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, көрсөткүчтөр мындайча өзгөргөн: * Эстония менен – 300 % (1,5 млн  доллардан 4,5 млн  долларга чейин); * Польша менен – 131,53 % (26 млн  доллардан 60,2 млн  долларга чейин); * Германия менен

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

Тажикстан, Кыргызстан пахтаны кайра иштетүүнү өнүктүрүүнү макулдашты

МинКаб төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тажикстандын айыл чарба министри Курбон Хакимзода менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар агрардык тармактагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл асыл тукум букаларды жана асыл тукум топоздорду алмашуу аркылуу малдын генетикалык

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Электр кубаттоочу станцияларга жер 1 жылдан 3 жылга чейин берилет

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык жерлер рыногу бөлүмүнүн башкы адиси Талантбек Исмаилов радио эфиринде электр кубаттоочу станцияларды орнотуу үчүн жер тилкелерин берүү тартиби жана учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдер көбүнчө бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана кийин үч жылга чейин узартылышы мүмкүн. Адистин түшүндүрүүсүндө, комиссия

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

ӨКМ суучулдарынын, токойчулардын, "Кыргызгидромет" кызматкерлеринин маянасы жогорулады

Президенттин тапшырмасы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарынын айлык акысы көтөрүлгөнүн Бишкекте маалымат жыйында министрликтин орун басары Азамат Мамбетoв билдирди. Суучулдарга 20 000 сом өлчөмүндө кошумча акы белгиленди. Мурда алар болжол менен 30 000 сом алышса, эми айлык акысы 50–60 000 сом болот. Мамбетoвдун айтымында, бул чек эмес — күзгө чейин