Бишкекте 1600дөн ашык спортчу машыга турган спорт комплекси ачылды

Бишкекте 1600дөн ашык спортчу машыга турган спорт комплекси ачылды

Бишкек шаарында А. Токтоналиев көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан көп функционалдуу спорт комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жана шаар тургундары катышты.

Ачылыш аземинде мэр шаарда спорттук инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, тургундар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү боюнча иштер улантыларын билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде учурда спорттун алты түрү — футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон өнүгүүдө. Жалпысынан 108 машыгуу тобунда 1600дөн ашык спортчу машыгып, алар менен 41 машыктыруучу, анын ичинде 5 эмгек сиңирген машыктыруучу иш алып барат.

Жаңы спорт комплекси жалпы аянты 2296 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имараттан турат. Ага чектеш жер тилкесинин аянты 0,2637 гектарды түзөт.

Имараттын биринчи кабатында гардероб, машыктыруучулар жана калыстар бөлмөлөрү, чечинүү жайлары, санитардык түйүндөр жана эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы жайгашкан. Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет жана техникалык бөлмөлөр каралган.

Курулуш иштеринде заманбап технологиялар колдонулуп, имараттын бекемдигин жана энергияны үнөмдөөнү камсыз кылган конструкциялар пайдаланылган. Долбоорду "Аль Фирдаус" компаниясы ишке ашырган.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу