Ош шаарынын жолдорун оңдоого 15,39 млн доллар кредит жана грант тартылат

Ош шаарынын жолдорун оңдоого 15,39 млн доллар кредит жана грант тартылат

"Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоорунун жалпы наркы 19,3 млн долларды түзөт. Анын ичинен 15,39 млн доллар Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан кредит жана грант түрүндө каржыланат, ал эми 3,9 млн доллар республикалык бюджеттен кошкаржылоо катары бөлүнөт.

Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, долбоор Бабараимова жана Шамшат көчөлөрүн реконструкциялоону камтыйт. Бул көчөлөрдүн жалпы узундугу 3,2 км болуп, алар төрт тилкеге чейин кеңейтилет, ошондой эле эки ири жол өтмөгү (путепровод) курулат.

"Бул көпүрөлөрдүн биринчиси Масалиев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишине туташат. Экинчиси болсо Акбугур тоолорунун ары жагында жайгашкан эски базарга, Бишкек–Ош унаа жолунан Ош шаарынын борборунун батыш бөлүгүнө тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылат", — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, долбоор ишке ашырылгандан кийин Ош шаарындагы негизги автомагистралдарга болгон жүк 50%га чейин азаят, жолдо жүрүүгө кеткен убакыт кыйла кыскарат жана шаар тургундары менен коноктору үчүн ыңгайлуулук жогорулайт.

"Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси 2025-жылы “Ош шаардык жолдору” муниципалдык ишканасы тарабынан учурдагы стандарттарга жана эл аралык тажрыйбага ылайык иштелип чыккан. Долбоорду ишке ашыруу жана аткаруу мөөнөтү 2026–2028-жылдарга пландалган. Долбоордун жалпы наркы 19,3 млн долларды түзөт.
Анын ичинен 15,39 млн доллар Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан кредит жана грант түрүндө берилет, ал эми 3,9 млн доллар республикалык бюджеттен каржыланат. Кредит 15 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдетилген мөөнөт — 5 жыл, пайыздык чен 1,2%ды  түзөт", — деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө долбоор мамлекеттик ички бардык процедуралардан толук өткөн.

Мындан тышкары окуңуз

Мектептердин 98,6%ы интернетке туташып, алардын 80%ына видеокөзөмөл коюлду

Мектептердин 98,6%ы интернетке туташып, алардын 80%ына видеокөзөмөл коюлду

2025-жылы өлкө боюнча мектептердин 80%ына видеокөзөмөл камералары орнотулганы жана мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 98,6%ы интернетке туташтырылганы Бишкекте өтүп жаткан “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди. Маалыматка караганда, билим берүү тармагындагы реформалардын маанилүү багыттарынын бири — окуучулардын коопсуздугун камсыз

"Газпром" Борбор Азияга газ жеткирүүнү 2030-жылга чейин эки эсе көбөйтөт

"Газпром" Борбор Азияга газ жеткирүүнү 2030-жылга чейин эки эсе көбөйтөт

Алдыдагы беш жыл ичинде "Газпромдун" Борбор Азия өлкөлөрүнө газ жеткирүүсү эки эседен ашык көбөйөт. Компания буга чейин Европа рыногуна багытталган көлөмдөрдү кайсы тарапка багыттоо керектигин издеп жатканын "Ведомости" басылмасы "Газпромбанктын" экономикалык божомолдоо борборунун маалыматына таянып жазды. Маалыматка ылайык, газ жеткирүүнүн көлөмү 19–20 миллиард

Бишкекте Чыгыш айланма жолунун курулушу башталды

Бишкекте Чыгыш айланма жолунун курулушу башталды

Бишкек шаарында борбор калаанын эң маанилүү инфраструктуралык долбоорлорунун бири — Чыгыш айланма автомобиль жолунун курулушу башталганын муниципалитеттин басма сөз кызматы маалымдады. Жаңы транспорттук коридор шаардын чыгыш бөлүгүндө, шаардык курулуштардан тышкары аймакта өтөт. Чыгыш айланма жолунун жалпы узундугу 16 чакырымды түзөт. Долбоордун алкагында беш ири транспорттук түйүн (айрылыш жолдор) курулат, ошондой эле

Быйыл  4 млн 84 миңден ашык окуу китеби жарык көрдү

Быйыл 4 млн 84 миңден ашык окуу китеби жарык көрдү

2025-жылы окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга мамлекет тарабынан 856 548 703 сом бөлүнгөнү “Доор өзгөрткөн билим: Ийгиликтер. Көйгөйлөр. Мүмкүнчүлүктөр” аттуу республикалык педагогикалык кеңешмеде Агартуу министрлигинин отчеттук видео тасмасында белгиленди. Маалыматка ылайык, быйыл окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруу көлөмү акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Тактап айтканда, 2025-жылы 4 084