Финансы министрлиги 2025-жылга "Google салыгы" боюнча планды 39%га жогорулатты

Финансы министрлиги  2025-жылга "Google салыгы" боюнча планды 39%га жогорулатты

Финансы министрлиги такталган республикалык бюджеттин долбоорунун маалыматына ылайык, 2025-жылга карата Google салыгын (чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызматтарына КНС) чогултуу планын 39%га жогорулатты.

Алгач министрлик бул салык боюнча 920,9 млн сом түшөт деп пландаган. Бул сумма республикалык бюджет тууралуу мыйзамга тиркелген колдонмодо көрсөтүлгөн.

Өзгөртүүлөрдө министрлик планды 1,3 млрд сомго чейин көбөйтүүнү сунуштап жатат. "Google салыгы" боюнча акыркы он айдагы чыныгы түшүүлөр дээрлик жаңы планга жетти — талап кылынган сумманын 99,7%ы жыйналган.

"Google салыгын" (чет өлкөлүк уюмдардын электрондук кызматтарына кошулган нарк салыгы — КНС) Кыргыз Республикасынын аймагында домендик аталышты же IP-даректи пайдаланбастан электрондук форматта кызмат көрсөткөн, кызмат көрсөтүү жери катары КРнын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюмдар төлөшөт.

КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынан 12%ды түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев: Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 трлн 93 млрд сомду түздү

А.Касымалиев: Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 1 трлн 93 млрд сомду түздү

Кыргызстандын консолидацияланган бюджети тарыхый чекке жетип, 2025-жылы 1 триллион 93 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында билдирди. Касымалиевтин айтымында, триллион сомдук бюджет эки жыл мурдагы ырааттуу экономикалык жана фискалдык саясаттын натыйжасы. Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, 2025-жылы бюджеттин стратегиялык бөлүгү Элдик банкты жана

Жеке ишкерлер онлайн режимде кайра каттала алышат

Жеке ишкерлер онлайн режимде кайра каттала алышат

Эми жеке ишкерлер мамлекеттик салык кызматынын cabinet.salyk.kg сайты аркылуу онлайн режиминде кайра каттоо боюнча арыз тапшыра алышат. Процесс толугу менен автоматташтырылып, арызды кароо убактысы болгону 5-10 мүнөттү түзөт. Салык кызматынын маалыматына ылайык, жеке ишкерлер жаңы сервисти колдонуу менен төмөнкү операцияларды жүргүзө алышат: * юридикалык даректи өзгөртүү (анын ичинде башка

Сабакты калтырган студенттерге айып пул салуу маселеси каралат

Сабакты калтырган студенттерге айып пул салуу маселеси каралат

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги университеттерде сабакка келбегендер үчүн айып пул салуу маселесин карап чыгары Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында белгилүү болду. Депутат Дастан Бекешев (№22 округ) 2025-жылы жогорку окуу жайларда келишимдик окуунун акысы олуттуу жогорулаганын, ошондой эле сабакка катышпагандар үчүн айып санкциялары киргизилип жатканын билдирди. Илим министринин

А.Касымалиев: ИДП 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө

А.Касымалиев: ИДП 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө

Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүп, инвестициялык активдүүлүк жана финансылык туруктуулук чыңдалып жатат. 2024-жылдын акырына карата ИДП киши башына 2513 долларды түзгөн жана 2025-жылы 2800 долларга жетет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында 2024-жылга карата Министрлер Кабинетинин отчетун карап, 2025-жылдын