Улуттук банк сегизинчи валюталык интервенцияны жасады
22-декабрда Улуттук банкы быйылкы жылдын эсеби менен сегизинчи ирет валюта интервенциясы менен рынокко чыкканын КРУБ басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, бул жолу Улуттук банк банктар аралык рынокто 179,5 млн АКШ долларын саткан. Белгилей кетсек, 8 интервенциянын бардыгы Улуттук банк тарабынан АКШ валютасын сатуу боюнча жүргүзүлгөн жана алардын эң ири сатуусу акыркы интервенция болуп эсептелет.
Бул жолу Улуттук банк рыноктун катышуучуларынын суроо-талабынын жогорулашына жооп берип, чет өлкөлүк валютаны сатуучу катары гана иш алып барды. Жалпысынан сегиз интервенция менен 853 миллион доллар сатты.
