"Кант ШПТ" ЖЧКсы "Эң мыкты экспорттоочу" болду

"Кант ШПТ" ЖЧКсы "Эң мыкты экспорттоочу" болду

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" мекемеси уюштурган "Эң мыкты экспорттоочу – 2025" улуттук конкурсу жыйынтыкталды. Конкурстун жыйынтыгы боюнча "Кант ШПТ" ЖЧКсы абройлуу "Өнөр жай продукциясын экспорттоодо эң мыкты экспорттооч" номинациясында биринчи орунду ээледи.

Мындай жогорку баа заводдун продукциясын Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын рынокторуна ири көлөмдө экспорттоосу менен шартталган. Бул өлкөгө валюта каражаттарынын туруктуу түшүшүн камсыз кылып, аймактын экономикасын бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Мамлекеттик деңгээлде таанылуу ишкананын жогорку статусун тастыктады. Бул жетишкендик продукциянын туруктуу жогорку сапаты, экспорттук көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшү жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымы аркылуу камсыз болду.

Бүгүнкү күндө "Кант ШПТ" республиканын эң ири 10 өндүрүш ишканасынын катарына кирет. 58 жылдык тарыхка ээ завод заманбап өнөр жай комплексине айланып, анда 547 кызматкер жыл сайын 6,5 миллион даана курулуш материалдарын өндүрүп чыгарат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген. Бирок объект

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана