Пенсияларды жогорулатууга 2026-жылга 1 млрд сом каралды

Пенсияларды жогорулатууга 2026-жылга 1 млрд сом каралды

Кыргызстанда 2026-жылы пенсияларды 7 пайызга жогорулатуу пландалып жатканын Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, бул максатка 2026-жылга карата Социалдык фонддун бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом каралган.

"Биз пенсияларды 7%га жогорулатууну пландадык. Кийинки жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн кирешелерге талдоо жүргүзөбүз. Эгерде биринчи жарым жылдыкта кирешелер өссө, пенсияларды дагы көбүрөөк көтөрүүгө аракет кылабыз", — деди Соцфонддун жетекчиси.

Бактияр Алиев депутаттарга "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга карата пландуу мезгилге бюджети жөнүндө" мыйзам долбоорун тааныштырды.

Анын маалыматына ылайык, Социалдык фонддун 2026-жылга карата бюджетинин кирешелери 137 миллиард 691 миллион 504 миң 700 сомду түзөт. Анын ичинде:

  • камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшүүлөр — 88 миллиард 100 миллион сом;
  • республикалык бюджеттен бөлүнгөн ассигнациялар — 46 миллиард 670 миллион 347 миң 300 сом;
  • башка кирешелер — 2 миллиард 921 миллион 157 миң 500 сом.

Ал эми Социалдык фонддун 2026-жылга карата чыгашалары 137 миллиард 303 миллион 365 миң 200 сомөлчөмүндө пландалып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Баткенде маркировкасы жок 25 тонна пияз артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен башкармалыгы тарабынан “Ак-Тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 29-мартта Казакстанстандан импорттолуп кирген 25 тонна пияз продукциясын текшерүү учурунда анын таңгагында тиешелүү маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Чүйдө балык чарбалары өнүгүүдө: экспортту кеңейтүү маселеси көтөрүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй районундагы "Премиум" жана "Пура" балык чарбаларына барып, тармактын абалы менен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Иш сапардын максаты — атамекендик балык тоютунун сапатын жана анын балыктын өсүшүнө тийгизген таасирин баалоо болду. "

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулушка 200 миң сом айып пул салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугун жана иштердин сапатын көзөмөлдөөнү улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы май куюучу жайда реконструкциялоо жана кайра пландоо иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталып, айып пул салынып, көрсөтмө берилген. Бирок объект

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды

Бүгүн, 30-марттан баштап, Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк акча жумалыгы-2026 кампаниясы башталды. Ал «Акчаны туура колдонуу-үйдө берекенин болгону» деген ураан менен өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, ишчаранын башкы максаты калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу - чыгашаларды контролдоо жана