Быйыл салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 389 млрд сомго жетти

Быйыл салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 389 млрд сомго жетти

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ведомствонун аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыл ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план 343 млрд сомду түзсө, иш жүзүндө түшүүлөр 389 млрд сомго жетип, план 113,6%га аткарылды. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 28,9%га жетип, 87,5 млрд сомго көп түшүү менен тарыхый максимумга жетилди.

Салык кызматынын төрагасы келерки жылы дагы жогорку көрсөткүчтөргө жетүүнү максат кылып жатканын белгиледи. Анда негизги милдеттер — салыктык карыздарды кыскартуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү.

Мындан тышкары, 2026-жылдын январында "Kezet" аттуу жаңы электрондук эсеп системасы ишке кирет. Ал аралыктан камералдык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана аналитикалык иштерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Система бардык модулдарды бирдиктүү санариптик платформага топтойт, кызматкерлер онлайн-форматта бардык текшерүүлөрдү көрө алышат.

Жыйын соңунда Алмамбет Шыкмаматов жамаатка ыраазычылык билдирип, жаңы жылы ийгиликтерди жана жакшылыктарды каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу