Биткоин баасы 90 миң доллардан ашты

Биткоин баасы 90 миң доллардан ашты

Forbes.ru жазгандай кечээ биткоиндин баасы 90 миң доллардан ашып, андан кийин кайра төмөндөп, 87 миң доллардын тегерегине түштү.

Bloomberg белгилегендей, криптовалюта АКШнын акциялар рыногунда башталган "Санта-Клаус раллисин" колдогон жок. "Ошого карабастан, фьючерстердеги абалга караганда, айрым инвесторлор криптовалютанын өсүшүн күтүп жатышат",- деп билдиришет аналитиктер.

Соода маалыматтарына ылайык, бүгүн соода жүрүшүндө биткоиндин курсу 90 миң доллардан ашты. Эң жогорку чегинде криптовалютанын баасы 90 378,3 долларга жеткен. Москва убактысы боюнча саат 15:44тө биткоин төмөндөөгө өтүп, 87 313 доллардын айланасында соодаланды (−0,6%).

ReserveOne криптоказначейлик компаниясынын инвестициялар боюнча директору Себастьян Беанын айтымында, биткоиндин өсүшү фьючерстердеги позицияларын көбөйтүп жаткан чекене трейдерлер менен байланыштуу. CryptoQuant маалыматына ылайык, биткоин боюнча каржылоо ставкасы 18-октябрдан берки эң жогорку деңгээлге жетти. Бул крипторыноктогу маанайдын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп саналат жана ал инвесторлор өсүштү күтүп жатканын көрсөтөт,-деп жазат Bloomberg.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI S&P Global CSA ESG баалоосунда 71 упай алып, дүйнөлүк банк секторунун алдыңкы 9%ына кирди

BAKAI туруктуу өнүгүү боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык S&P Global Corporate Sustainability Assessment (CSA) баалоосунун жыйынтыгын жарыялайт. 2026-жылдын 6-октябрында расмий берилген баалоонун жыйынтыгы боюнча Банк мүмкүн болгон 100 упайдын ичинен 71 упай алды. Бул 2025-жылдагы көрсөткүчтөн 14 упайга жогору. S&P Global CSA

Ишкер Media
Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

Кыргызстанда тогуз айда 39 миңден ашык пенсиялык иш кароого алынды

2026-жылдын январь–сентябрь айларында Кыргызстандын Социалдык фонду 39 261 пенсиялык ишти кароого алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сентябрь айында 2 759 жаранга пенсия жаңыдан чектелген. Ошондой эле 596 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелген. Кайра эсептөө эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгына байланыштуу кошумча

Ишкер Media
Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Кыргызстанда статистикалык маалыматтарды топтоодо ЖИ технологиялары колдонулушу мүмкүн

Армениянын Ереван шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин статистикалык кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 76-отуруму жана “Статистикадагы жаңы усулдар жана технологиялар” аттуу IV эл аралык статистикалык форум өттү. Иш-чараларга Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов катышты. Улуттук сатитстика комитетинин маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө статистикалык маалыматтарды даярдоодо мамлекеттик маалымат тутумдарындагы маалыматтарды

Ишкер Media
12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда Бишкек жана ага жакын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

12-октябрда электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда оңдоо жана техникалык тейлөө иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу айрым көчөлөрдө жана конуштарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. “Улуттук электр тармактары” ААКтын Бишкек электр тармактары ишканасынын маалыматына ылайык, иштер Чыгыш, Батыш, Түндүк жана Аламүдүн райондук электр тармактары тарабынан жүргүзүлөт.

Ишкер Media