Кыргызстан мобилдик интернет рейтингинде позициясын жакшыртты

Кыргызстан мобилдик интернет рейтингинде позициясын жакшыртты

Кыргызстан ноябрь айында мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингдеги позициясын жакшыртканын Speedtest Global Index мониторингинин маалыматтарында айтылат.

Ошол эле учурда, белгиленгендей, өлкө туруктуу кең тилкелүү интернет сегментинде бир аз артка жылган.

2025-жылдын күз айларынын акыркысы — ноябрдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан дүйнө жүзү боюнча мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы жагынан 72-орунду ээлеп, рейтингде дароо төрт позицияга жогорулады.

Мобилдик интернеттин орточо жүктөө ылдамдыгы секундасына 51,63 мегабитти, жиберүү ылдамдыгы 14,77 мегабитти түздү. Байланыштын орточо кечигүүсү 20 миллисекунд болду.

Өзбекстан рейтингде 71-орунду ээлеп, мобилдик интернеттин орточо ылдамдыгы 53,23 мегабитти түздү. Ал эми Казакстан 46-орунда болуп, көрсөткүчү 93,07 мегабитке жеткен.

Бул жылдын ноябрында дүйнөлүк мобилдик интернет рейтингинин лидерлери катары Бириккен Араб Эмираттары, Катар жана Кувейт аталууда.

Ал эми туруктуу кең тилкелүү интернет сегментинде Кыргызстан 2025-жылдын ноябрында 89-орунду ээлеп, рейтингде эки позицияга ылдыйлады. Орточо жүктөө ылдамдыгы секундасына 85,06 мегабитти, ал эми жиберүү ылдамдыгы 87,25 мегабитти түздү.

Мындан тышкары окуңуз

Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда

Ч.Айтматов проспектисинде светофорлор жаңыланууда

Чыңгыз Айтматов проспектисинде светофорлорду алмаштыруу жана жаңылоо иштери уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда адистер светофорлорду ишке киргизүү алдындагы жөнгө салуу иштерин жүргүзүп, алардын фазаларын жана иштөө циклдерин тууралашууда. Буга байланыштуу айрым кесилиштердеги кошумча светофор секциялары убактылуу иштебей турат. Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде светофорлордун фазалары жана иштөө циклдери толук

Н.Орунтаев: Быйыл 36 мектеп жаңы талаптарга ылайык курулууда

Н.Орунтаев: Быйыл 36 мектеп жаңы талаптарга ылайык курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Манас шаарында курулуп жаткан жаңы мектептердин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министрдин айтымында, жаңы мектептерди курууда сапатка, функционалдуулукка, коопсуздукка жана заманбап архитектуралык чечимдерге өзгөчө көңүл бурулууда. "Биз мектептерди курууда эски ыкмалардан чыгып, ички шарттары менен гана чектелбей,

Бишкектеги теннис комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкектеги теннис комплекси оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкек шаарында “Жабык теннис комплексин оңдоо жана жеңил конструкцияларды куруу” долбоору боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол коюлду. Долбоор Бишкек шаарынын 4-кичи районунда ишке ашырылат. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана мэрдин орун басары Рахат Мусаева катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка

Бишкектеги бир катар объектилердин сапаты текшерилди

Бишкектеги бир катар объектилердин сапаты текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаадагы социалдык жана жол инфраструктурасынын объектилериндеги оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Айни көчөсүндө жайгашкан №69 орто мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объектте оңдоо иштери аяктап, учурда