Кыргызстандык эмгек мигранттарына 11 айда 34,3 млн сом өндүрүлүп берилген

Кыргызстандык эмгек мигранттарына 11 айда 34,3 млн сом өндүрүлүп берилген

Россиядагы Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлчүлүгү 2025-жылдын 11 айында Кыргызстандын 376 жаранына жалпы 34,3 миллион рублди эмгек акысын өндүрүп алууга көмөк көрсөткөн.

Мындан тышкары, мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 10 жаран иш берүүчүлөрдөн өндүрүштүк жаракатка байланыштуу ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 15,9 миллион рубль өлчөмүндө компенсация өндүрүп алууга жетишкен.

Өкүлчүлүк ишин баштаган учурдан тартып, тактап айтканда, 2022-жылдын ноябрынан 2025-жылдын ноябрына чейин, жалпы 1523 кыргызстандык эмгек мигрантына жардам көрсөтүлгөн. Аларга төлөнбөй калган эмгек акыларын жана ден соолукка келтирилген зыян үчүн компенсацияларды өндүрүп алууга жардам берилип, жалпы суммасы 134 миллион рублден ашык акча өндүрүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды

Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.

Ишкер Media
Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз

Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди. Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. "Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.

Ишкер Media
ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media