Бишкекке дагы 1600 автобус жетишсиз
Бишкекке жөө жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы 1600 автобус жетишсиз. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев УТРКга берген маегинде билдирди.
Шаар башчысынын айтымында, азыр шаарда 1500 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат.
"Жаңы конуштарды транспорт менен камсыз кылуу жана аларды Чүй облусунун жакынкы айылдарына чейин узартуу маселеси бар", - деди Айбек Жунушалиев.
Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, борбор калаада күнүнө каттамга 1200 автобус чыгат. Социалдык тармак колдонуучулары коомдук транспортто жүрүү маданияты айдоочуларда да, жүргүнчүлөрдө да калыптана электигин айтып келишет.