“Коррупцияга жол жок!” аттуу масштабдуу челлендж башталды
Ички иштер министрлиги коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшүү жана мыйзамдуулукту бекемдөө максатында “Коррупцияга жол жок!” деп аталган жалпы улуттук челленджди баштады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара Президенттин “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулууда.
Уюштуруучулар белгилегендей, коррупция менен күрөшүү — бул бир гана укук коргоо же мамлекеттик органдардын милдети эмес. Ачык жана таза коомду куруу үчүн ар бир жаран жоопкерчиликтүү болушу шарт.
Челлендждин алкагында ИИМ атайын эстафеталык вымпелди кийинки кадам катары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине өткөрүп берди. Муну менен министрлик башка мамлекеттик түзүмдөрдү жана жалпы коомчулукту бул демилгеге активдүү кошулууга чакырат.


