Бозо, жарма, максымга 2027-жылдан тарта акциздик маркалар киргизилет

Бозо, жарма, максымга 2027-жылдан тарта акциздик маркалар киргизилет

МинКабдын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336- жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана республика аймагына импорттолгон айрым акциздик товарларга карата акциз салыгынын ставкалары келтирилген.

Документте 2027-жылдын 1-январынан тартып акциздик жыйымдын маркасы менен улуттук суусундуктарда милдеттүү түрдө маркалоого тийиш экени көрсөтүлгөн. Аларга:

  • бозо,
  • максым,
  • жарма

кирет жана бул суусундуктар:

  • КМС 891:2003 "Бозо суусундугу. Техникалык шарттар",
  • КМС 980:2021 "Улуттук суусундуктар “Максым” жана “Жарма”. Техникалык шарттар" стандарттарына ылайык өндүрүлүп, ТН ВЭД(тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасы) 2202 товардык позициясы боюнча классификацияланат.

Маркаланбаган акциздик товарлардын калдыктарын жүгүртүүгө маркалоо киргизилген күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин тыюу салынат.

Мындан төмөнкү товарлар өзгөчө болуп саналат:
кант же башка таттуулагычтарды же даам берүүчү заттарды камтыган, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар (ТН ВЭД 2202). Бул товарлар боюнча маркаланбаган калдыктарды жүгүртүүгө тыюу салуу мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Акциз салыгынын ставкалары суусундуктар боюнча:

  • Улуттук суусундуктар (бозо, максым, жарма) — 1 литрине 0 сом
  • Кант же башка кошумчалары бар минералдык жана газдалган суулар — 1 литрине 3 сом
  • Энергетикалык алкоголсуз суусундуктар — 1 литрине 6 сом

Ликёр-арак продукцияларынын, күчөтүлгөн суусундуктардын, ширелердин жана бальзамдардын 1 литрине карата акциз салыгы алардагы этил спиртинин көлөмүнө жараша кайра эсептелет. Негизги ставка спирттин көлөмү 40% болгон продукция үчүн колдонулат.

Мындан тышкары окуңуз

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна кагаз колдонду

Бүгүн Садыр Жапаров парламенттин жыйынында Жогорку Кеңеш акыркы беш жылда 65 тонна А4 кагазын колдонгонун билдирди. Президент депутаттарды санариптештирүүнү тездетип, "электрондук парламентке" өтүүнү сунуштап, бул аркылуу бюджет чыгымдарын азайтып, импортко көз карандылыкты азайтууга чакырды. Анын айтымында, кагазды сатып алуу көлөмү жыл сайын өзгөрүп турат, бирок дагы деле сатып

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Грузия соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты

Тбилиси шаарында Кыргызстандын Грузиядагы элчиси Максат Мамытканов мамлекеттик органдардын жетекчилери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, элчи Грузиянын башкы прокурору Георгий Гваракидзе, юстиция министри Паата Салия жана ички иштер министри Гела Геладзе менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн ыйгарым

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош мэри Улуу Британия менен жаңы инфраструктуралык долбоорду талкуулады

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, спорт, шаардык инфраструктураны жакшыртуу жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү маселелери талкууланды. Калаа башчысы Улуу Британиянын экспорттук-финансы агенттиги UKEF (UK Export Finance) менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

Январь айында кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,4%га өстү

2026-жылдын январында Кыргызстанда кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2025-жылдын январына салыштырмалуу 11,4% өскөнүн расмий статистика көрсөтүүдө. * Билим берүү тармагында баалар эң көп өстү — 23%. * Турак жайларды тейлөө жана ремонттук кызматтардын тарифтери 22,8% көтөрүлдү. * Маданий иш-чараларды уюштуруу кызматы — 14,5%, чач тарач кызматтары — 13%, бут кийимди оңдоо кызматтары — 10,6%га