"Кыргызпочтасынын" негизинде "Почта Банк" түзүлүшү мүмкүн

"Кыргызпочтасынын" негизинде "Почта Банк" түзүлүшү мүмкүн

Улуттук банкка "Почта Банк" коммерциялык банкын түзүү боюнча документтер тапшырылды. Бул банкта калкка банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн агенттик тармак катары "Кыргызпочтасы" ААК колдонулат.

Маалыматка ылайык, "Почта Банк" коммерциялык банкы Улуттук банктын колдонуудагы мыйзамдарына жана нормативдик-укуктук актыларына ылайык, агенттик модель аркылуу негизги банктык кызматтарды көрсөтүүнү пландап жатат.

Банкка лицензия берүү жөнүндө чечим сунушталган материалдарды комплекстүү баалоонун жыйынтыгында, анын ичинде уставдык капиталга жана банк түзүү үчүн зарыл болгон башка көрсөткүчтөргө шайкештигин эске алуу менен кабыл алынат.

2025-жылы Улуттук банк алты жаңы коммерциялык банкты ачууга уруксат берген, алар:

  • "Берекет Банк" ЖАК,
  • "Алма Финанс Банк" ЖАК,
  • "Мурас Банк" ЖАК,
  • "Асман Банк" ЖАК,
  • "Кылым Банк" ААК.

Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №203 токтому менен "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы 100% акциясы мамлекеттин менчигинде калган ачык акционердик коом болуп кайра түзүлгөн.

Почта байланыш башкармалыктарынын негизинде "Кыргызпочтасы" ААКнын филиалдык тармагы түзүлүп, почта байланышынын аймактык түзүмдөрүн башкаруунун бирдиктүү системасы киргизилген. Бул система бухгалтердик, салыктык жана башкаруучулук эсептин бирдиктүү принциптерине негизделет.

Учурда "Кыргызпочтасы" ААК толук өзүн-өзү каржылоо шартында иш алып барган, стратегиялык мааниге ээ субъект болуп саналат жана калкка социалдык жактан маанилүү почта жана финансылык кызматтарды көрсөтүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткенде курулуш компаниясына 200 миң сом айып пул салынды

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында ишке ашырылып жаткан “Таза-Суу” долбоорунун курулуш объектисинде мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Атап айтканда, курулуш иштеринин көзөмөлгө алынуучу негизги этаптары тиешелүү тартипте кабыл алынып, тапшырылган эмес. Жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Инженерная Защита" ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кыргызстанда чийки сүттүн базалык баасын аныктоо маселеси талкууланды

Кечээ Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Жолугушуу Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүткө базалык бааларды белгилөө жөнүндө” токтому менен бекитилген чийки

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

Жыл башынан бери 3 кайра иштетүүчү ишкана жана 1 логистикалык борбор ишке берилди

2026-жылдын январь айында кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары тарабынан 8 млрд 91,6 млн сом суммасында тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки буюмдары өндүрүлдү. Физикалык көлөмдүн индекси 113,6 % түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары , айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 2026-жылга карата планга ылайык республика боюнча 75 кайра

Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

12-мартка карата өлкө аймагындагы автоунаа жолдорунда абал туруктуу. Бардык унаалар үчүн чектөөлөр жок, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо каттам үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда төмөнкү негизги автожолдордо жана ашууларда жолдор ачык: * Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашуулары * Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка