Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Ашууларда каттам үзгүлтүксүз: жол тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

12-мартка карата өлкө аймагындагы автоунаа жолдорунда абал туруктуу. Бардык унаалар үчүн чектөөлөр жок, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдордо каттам үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда төмөнкү негизги автожолдордо жана ашууларда жолдор ачык:

  • Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолунун Чыйырчык, Талдык, Тон-Мурун ашуулары
  • Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автожолунун Чапчыма ашуусу
  • Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашуулары жана Боом капчыгайы
  • Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу автожолу
  • Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Туз-Бел, Кубакы, Кызыл-Бел ашуулары
  • Тараз–Талас–Суусамыр автожолунун Өтмөк ашуусу
  • Түп–Кеген автожолу
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери жалпы пайдалануудагы автожолдордо кар тазалоо, тайгакка каршы инерттик материалдарды чачуу жана кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.

Жол тейлөө кызматтары жолдордун коопсуздугун камсыздоо жана каттамдардын үзгүлтүксүз болушу үчүн күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media
Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

Камкордук айы - Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында белгиленип жатат

1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө КР Социалдык фонду “Камкордук айы” республикалык акциясын баштаган. Ага ылайык, Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында бир убакта майрамдык иш-чаралар белгиленди. Социалдык фонддун маалыматына караганда, программада  - ден соолукту чыңдоо машыгуусу, акысыз медициналык кароо, Соцфонддон пенсия боюнча консультациялар, майрамдык концерт, белектер жана даамдуу сый-тамактар

Ишкер Media
Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро курууну көздөөдө

Бишкек мэриясы метро куруу жана долбоордун техникалык-экономикалык жагын иштеп чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 2-октябрда илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев билдирди. Мэрдин айтымына караганда метро куруу идеясы делегаттар менен талкуу учурунда айтылган. Ушуга байланыштуу муниципалитет бул маселени кайрадан күн тартибине киргизүү жагын кароодо. Журналисттердин Бишкекте метро

Ишкер Media
ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын изилдөөгө археологдорду жиберүүгө даяр

ЮНЕСКО Кыргызстанга байыркы шаар калдыктарын, анын ичинде жер жана суу астында жашырылган объекттерди изилдөө үчүн археолог жана окумуштууларды жиберүүгө даяр. Бул ЖКнын төрагасы Марлен Маматалиевдин Парижде ЮНЕСКОнун генералдык директору Халед Аль-Анани менен жолугушуусунда белгилүү болду. Маалыматка ылайык, жолугушууга депутаттар Талант Мамытов жана Камила Талиева, Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана өлкөнүн

Ишкер Media