Кыргыз асыл тукум мамлекеттик заводунда силос даярдоо күчөтүлдү

Кыргыз асыл тукум мамлекеттик заводунда силос даярдоо күчөтүлдү

Мамлекеттин колдоосу менен Кыргыз асыл тукум мамлекеттик заводунун чарбасы акыркы жылдары жанданып, өндүрүштүк ишмердүүлүгү кеңейүүдө. Чарбанын базасында машина-трактордук станция түзүлүп, айыл чарба иштерин өз күчү менен жүргүзүү мүмкүнчүлүгү камсыздалган.

Анын алкагында жергиликтүү жүгөрүнүн "Ала-Тоо" сорту өстүрүлүп, ар бир гектар жерден 40–50 тоннага чейин сапаттуу силос алынып жатат. Алынган силос тоют катары колдонууга чейин заманбап талаптарга ылайык даярдалууда.

Маалымат үчүн белгилесек, силостун бир боосунун салмагы 75 килограммдан 90 килограммга чейин жетет. Учурда чарбада жалпы көлөмү 500 тоннага чейин даяр силос запасы топтолгон.

Бул жетишкендиктер буга чейин жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келген чарбаларды мамлекеттик колдоо аркылуу жандандыруунун айкын жыйынтыгын көрсөтүп, иштин үзүрү көрүнө баштаганын тастыктайт.

Ошону менен катар, мамлекеттин асыл тукум мал чарбасында сандан сапатка өтүү саясатынын алкагында малды тоюттандыруу базасын чыңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Акыркы мезгилде эл арасында кеңири жайылып жаткан чыктуу тоют жогорку сиңимдүүлүгү жана азыктуулугу менен айырмаланып, башка тоют түрлөрүнө салыштырмалуу малды натыйжалуу багууга ыңгайлуу шарт түзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон

ЖК төргагасынын 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң сом болгон

Жогорку Кеңештин VII жана VIII чакырылыштарынын Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун 2024-жылдагы кирешеси 3 млн 685 миң 138 сомду, ал эми чыгымдары 1 млн 300 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик салык кызматы анын декларациясына таянып билдирди. Төраганын менчигинде: * аянты 1 500 чарчы метрди түзгөн үй жанындагы жер тилкеси; * аянты

Быйылкы жылдын өндүрүштүк календары кандай бекиди?

Быйылкы жылдын өндүрүштүк календары кандай бекиди?

2025-жылдын декабрь айынын аягында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылга карата өндүрүштүк календарды бекитти. Календарга ылайык, төмөнкү күндөр мамлекеттик майрамдар болуп белгиленди: * 1-январь — Жаңы жыл; * 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнү; * 8-март — Аялдардын эл аралык күнү; * 21-март — Элдик майрам Нооруз; * 7-апрель — Элдик Апрель революциясынын күнү; * 1-май — Эмгек майрамы; * 5-май — Кыргыз

Францияда «Горетти» аттуу циклондон улам 380 000 үй жарыксыз калды

Францияда «Горетти» аттуу циклондон улам 380 000 үй жарыксыз калды

Францияда күчтүү «Горетти» аттуу циклонундун кесепетинен 380 000 үй электр жарыгысыз калды. Негизинен өлкөнүн түндүк-батышындагы Нормандия аймагы жабыркагандыгын BFMTV телеканалы кабарлады. Маалыматка ылайык, Франциянын түндүк-батышындагы Бретань аймагында 21 000 үй, Пикардияда — 18 500 үй, ал эми Иль-де-Франс аймагында 13 500 үй жарыксыз калган. Буга чейин 2026-жылы Жер шарында магниттик бороон-чапкындар

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500 млн сом жумшалат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500 млн сом жумшалат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы 1–6-сентябрь күндөрү борбор калаадагы жаңы "Бишкек-Арена" стадионунда өтөт. Бул процессти президент өзү көзөмөлдөп жатат, жумушчу топту Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жетектейт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине берген маегинде Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирген. "Биз дээрлик ар эки жума сайын