VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500 млн сом жумшалат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 500 млн сом жумшалат

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана жабылышы 1–6-сентябрь күндөрү борбор калаадагы жаңы "Бишкек-Арена" стадионунда өтөт. Бул процессти президент өзү көзөмөлдөп жатат, жумушчу топту Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жетектейт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине берген маегинде Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирген.

"Биз дээрлик ар эки жума сайын чогулуп, талкуулап, жыйын өткөрүп турабыз. Көчмөндөр оюндарынын ачылышы ШКУнун саммитине жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө туш келип жатат. Ошондуктан бул иш-чарага өзгөчө чоң көңүл бурулууда", — деди маданият министри.

Мамбеталиевдин айтымында, Маданият министрлиги тарабынан Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө 500 млн сомдон ашуун каражат сарптоо пландалган.

"Көчмөндөр оюндары салтка ылайык Ысык-Көлдө өтөт. Адаттагыдай эле этношаарча курулат, ат чабыш майданында ат спорту оюндары уюштурулат. Мындан тышкары, Өрнөк айылындагы Көчмөн цивилизациясы борборун да пайдаланууну каалап жатабыз, “Рух Ордо” маданий борбору да тартылат", — деп кошумчалады министр.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Ошто рейд учурунда 270 миң сомдук мыйзамсыз дары-дармек аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүү учурунда Ош шаарындагы дарыканалардын биринен мыйзамсыз дары-дармектерди аныктады. Текшерүүнүн жүрүшүндө "Аптека Кейджи" ЖЧКсына таандык дарыканадан Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинде каттоодон өтпөгөн, ошондой эле өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен киргизилген дары-дармектер табылган. Аныкталган мыйзамсыз дары-дармектердин жалпы суммасы

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Кыргызстан рыногунда 100гө жакын үстөмдүк кылуучу компания бар

Депутат Эльвира Сурабалдиева 2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Кыргызстан рыногунда канча монополист компания бар экенин сурады. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Айбек Мамыралиев өлкөдө болжол менен 100гө жакын үстөмдүк кылган компания бар экенин билдирди. Айбек Мамыралиевдин айтымында, мындай компаниялар товарлардын баасын жогорулата башташса адегенде компанияга эскертүү берилет, андан

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Кыргызстанда кооперативдерге колдоо көрсөтүү менен 2 миң гектар жер иштетилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө айыл чарбасын модернизациялоо жана кооперацияны өнүктүрүү боюнча бир катар маанилүү кадамдарды ишке ашырууда. Кооперативдерди колдоо программасынын алкагында фермердик бирикмелерге заманбап айыл чарба техникалары берилип жатат. 2026–2027-жылдары кооперативдер аркылуу 2000 гектарга жакын айыл чарба аянты тейленип, 120дан ашык жаңы

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube 2025-жылы жарнамадан эле 40,4 млрд доллар киреше тапкан

YouTube өткөн жылы жарнамадан түшкөн киреше боюнча Голливуддун ири медиа-компанияларын артта калтырды. 2025-жылы платформа жарнамадан 40,4 млрд доллардан ашык киреше тапканын Moffett Nathanson компаниясынын маалыматына таянып TechCrunch жазган. Салыштыруу үчүн айтсак, Disney, NBCUniversal, Paramount жана Warner Bros. Discovery компанияларынын жарнамадан түшкөн жалпы кирешеси 37,8 млрд долларды түзгөн. Бул