Дүйнөлүк экономиканын акыбалы бүгүн кандай? 2026-жылы дүйнө элин эмне күтөт?

Дүйнөлүк экономиканын акыбалы бүгүн кандай? 2026-жылы дүйнө элин эмне күтөт?

Дүйнөлүк экономиканын көлөмү 2026-жылы 2,7%га өсөрү, бул 2025-жылга карата болжолдонгон 2,8%дан бир аз төмөн жана пандемияга чейинки орточо деңгээлден (3,2%) кыйла аз экенин БУУ баяндамасында айтылат.

БУУнун Жаңылыктар кызматы билдиргендей, өткөн жылы АКШда бажы төлөмдөрдүн кескин жогорулашына карабастан, дүйнөлүк экономикалык туруктуулук керектөө чыгымдарынын туруктуу болушу жана инфляциянын басаңдашы менен шартталып, өсүү темптерин сактоого жардам берген.

Баяндамада соодадагы чыңалуунун жарым-жартылай жумшарышы эл аралык соодадагы үзгүлтүктөрдү чектөөгө жардам бергени белгиленет. Ошол эле учурда, жогору бажы төлөмдөрдүн таасири жана макроэкономикалык белгисиздиктин күчөшү 2026-жылы дагы даана байкалат деп күтүлүүдө. Айрыкча жасалма интеллекттин тез өнүгүшү менен байланышкан тармактарда коркунучтар жогору бойдон калууда.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин айтымында,
экономикалык, геосаясий жана технологиялык карама-каршылыктардын жыйындысы дүйнөлүк ландшафтты өзгөртүп, кайрадан экономикалык белгисиздикти жараткан. "Көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда, натыйжада Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү дүйнөнүн чоң бөлүгү үчүн кол жеткис бойдон калып жатат",-дейт ал.

Өсүү туруктуу, бирок бирдей эмес

АКШда экономикалык өсүш 2026-жылы 2%ды түзөт деп болжолдонууда, бул 2025-жылдагы 1,9%га салыштырмалуу бир аз жогору. Бул монетардык жана фискалдык саясаттын жумшарышы менен колдоого алынат.

Европа Биримдигинде экономика 2026-жылы 1,3%га өсөт (2025-жылы — 1,5%), анткени АКШнын жогору тарифтери жана уланып жаткан геосаясий белгисиздик экспортко тоскоол болууда.

Жапониянын ИДПсы 2026-жылы 0,9%га өсөт деп күтүлүүдө, ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 1,2%ды түзгөн.

Постсоветтик мейкиндикте экономикалык өсүш 2026-жылы 2,1% деңгээлинде болот деп болжолдонууда жана 2025-жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөрбөйт. Украинадагы согуштук аракеттер макроэкономикалык шарттарга терс таасирин тийгизип келет.

Чыгыш Азиянын экономикасы 2026-жылы 4,4%га өсөт (2025-жылы — 4,9%). Кытайдын ИДПсы 4,6%га өсөт деп күтүлүүдө, бул 2025-жылга караганда бир аз төмөн. Туруктуу керектөө жана олуттуу мамлекеттик инвестициялардын эсебинен Түштүк Азияда өсүш 5,6%, ал эми Индияда 6,6%и деңгээлинде болот деп болжолдонууда.

Африкада экономиканын көлөмү 2026-жылы 4%га өсөт деп күтүлүүдө, бул 2025-жылдагы 3,9%дан бир аз жогору. Бирок жогорку карыз деңгээли жана климаттык өзгөрүүлөр олуттуу коркунучтарды жаратып келет.

Соода, инвестиция жана инфляция

Баяндамда дүйнөлүк соода 2025-жылы бажы төлөмдөрдүн өсүшүнө карабастан туруктуу болуп, 3,8%га көбөйгөнү белгиленет. Бул күтүлгөндөн жогору көрсөткүч. Өсүш жыл башындагы алдын ала жеткирүүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр соодасынын кеңейиши менен шартталган.

Бирок эксперттер 2026-жылы сооданын өсүшү 2,2%га чейин жайлайт деп божомолдошууда.

Ошол эле учурда, көпчүлүк региондордо инвестициялардын өсүшү алсыз бойдон калды. Буга геосаясий чыңалуу жана катуу фискалдык шарттар тоскоол болду. Айрым өлкөлөрдө монетардык саясаттын жумшарышы жана максаттуу фискалдык чаралар инвестицияларды колдоду, ал эми жасалма интеллекттин тез өнүгүшү айрым ири рыноктордо капиталдык чыгымдардын очокторун пайда кылды.

Эксперттер ИИден алынуучу потенциалдуу пайдалар иш жүзүндө ишке ашканда, алар тең бөлүштүрүлүшү мүмкүн эмес экенин эскертишет. Бул болсо учурдагы структуралык теңсиздиктин тереңдешине алып келиши ыктымал.

Баяндамда ошондой эле инфляция басаңдап жатканына карабастан, жогорку баалар дүйнөлүк деңгээлде негизги көйгөй бойдон калып жаткандыгы баса белгиленет.

Жалпы инфляция 2024-жылы 4%дан, 2025-жылы болжолдуу 3,4%га чейин төмөндөгөн. 2026-жылы ал дагы да басаңдап, 3,1%га жетет деп күтүлүүдө. Бирок жогорку баалар калктын реалдуу кирешелерине басым көрсөтүүнү улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Бажы кызматынан мамлекеттик бюджетке 518, 5 млн сом түштү

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматында укук коргоо бөлүмдөрүнүн 2026-жылдын 1-чейреги боюнча жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, отчеттук мезгилде контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 4 861 укук бузуу жана кылмыш фактысы аныкталды. 4 718 укук бузуу иши козголуп, алардын жыйынтыгы

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Паспорт жана башка документтер 34%га кымбаттадыбы?

Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик документтерге, түрдүү маалымкат кагаздарга баа көтөрүлгөнүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты. Бекешев Министрлер Кабинетинин тѳрагасы демилгелеген “Баа түзүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатканда мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы эселеп өскөнүн айтты: "Түрдүү маалымкаттар, өзүбүз басып чыгарып жаткан паспорт жана башка бардык документтер

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Кыргызстандагы жыл башынан берки интервенция 893 млн долларды түздү

Жыл башынан бери валюталык интервенциялардын көлөмү 893,45 млн долларды түзгөнүн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. "Абсолюттук көрсөткүчтө бул сумма мурунку жылдарга караганда жогору. Бирок Кыргыз Республикасынын экономикасы акыркы 4 жылда жылына туруктуу түрдө 10% өсүп жатат. Реалдуу сектордогу жүгүртүүнүн олуттуу көбөйүшү тышкы соода

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

Кыргызстандын эл аралык камдары 9 млрд доллардан ашты

2026-жылдын 22-апрелине карата өлкөнүн эл аралык камдарынын көлөмү 9 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Азат Козубековдун айтымында, жыл башынан бери эл аралык резервдер 4,7%га көбөйгөн.   Бул көрсөткүч өлкөнүн тышкы экономикалык туруктуулугун бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт. Ал эми Улуттук банктын бардык жүргүзүп жаткан