Пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого 30 млн доллар бөлүнөт

Пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого 30 млн доллар бөлүнөт

Кыргызстан "Бирдиктүү саламаттык" программасынын алкагындагы "Кыргызстан үчүн 1-фаза" долбоору боюнча пандемиялардан коргонууга жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө 30 млн доллардан ашык каражат алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында маалымдалды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин айтымында, долбоор Дүйнөлүк банктын глобалдык демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат. Долбоордун жалпы бюджети 30,79 миллион долларды түзөт.

Аталган долбоордун алкагында бул иштер аткарылат:

  • эки жаңы ветеринардык лабораторияны куруу жана алты иштеп жаткан лабораторияны модернизациялоо;
  • эки мобилдик лаборатория сатып алуу;
  • 78 жергиликтүү ветеринардык-санитардык лабораторияны жаңылоо;
  • 40 чек арадагы ветеринардык көзөмөл пунктун жабдуу;
  • 44 райондук жана шаардык ветеринардык кызматты муздаткыч жабдуулар менен камсыз кылуу;
  • техникалык жактан камсыздоо: 1 607 даана ветеринардык жабдуу алуу;
  • бруцеллёзго каршы 875 миңден ашык ири мүйүздүү малды жана 5 миллиондон ашык майда мүйүздүү малды эмдөө жана башка иш-чаралар.

Жаныбек Керималиев белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик бюджеттен кошумча каражат талап кылынбайт. Ал эч кандай терс кесепеттерди жаратпайт жана Кыргызстандын мыйзамдарына, ошондой эле эл аралык нормаларга толук шайкеш келет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобо бекитилди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук санарип экотутум жөнүндө жобону бекиткен тиешелүү чечимге кол койду. Документ Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин ишке ашыруу максатында иштелип чыгып, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар ортосунда санариптик маалымат алмашууну камсыздоого багытталган. Ошондой эле ал маалыматтардын негизинде санариптик сервистерди түзүүгө

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды

Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселелерине арналган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды. Кеңешменин жүрүшүндө каттоону сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Инновациялык мыкты долбоорду Илим министрлиги каржылайт

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги "Келечектүү технологияларды жана иштеп чыгууларды тандоо тартиби жөнүндө" буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Бул программа президенттин жарлыгы менен бекитилген. Долбоор инновациялык долбоорлорду тандоо жана колдоо үчүн, ошондой эле министрликтин

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөгөн дыйкандарга 2% менен 500 млн сом насыя берилерин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Агроэкспо-2026" көргөзмөсүндө билдирди. Ведомстводон маалымдашкандай, ал климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы шартында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле