Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугарууга өтүүнү көздөгөндөргө 2% менен насыя берилет

Тамчылатып сугаруу системасын орнотууну көздөгөн дыйкандарга 2% менен 500 млн сом насыя берилерин суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ош шаарында өтүп жаткан "Агроэкспо-2026" көргөзмөсүндө билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал климаттын өзгөрүшү жана суунун тартыштыгы шартында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле министр бул жылы айыл чарба техникаларын жаңылоо иштери да күчөтүлөрүн белгилеп, планда төмөнкүдөй иштер каралганын айтты:

  • Лизинг аркылуу 1200 даана жаңы айыл чарба техникасын сатып алуу;
  • Региондордо жаңы машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү;
  • Үрөнчүлүк жана көчөт чарбаларын колдоону кеңейтүү.

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков продукцияны жөн эле сатпастан, аны кайра иштетип, кошумча нарк кошуу мамлекеттик саясаттын өзөгү экенин билдирди.

"Айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү – фермерлердин кирешесин көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзөт жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет", – деди министр.

Эске салсак, "Агро Экспо-2026" көргөзмөсү фермерлер менен ишкерлердин тажрыйба алмашуусуна жана жаңы өнөктөштөрдү табууга багытталган ири аянтча болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media